Жылдык отчеттор Отчет: 2024 жыл
Каржы жана колдоо

2024-жылы акчалай жалпы чыгымдар 83 000 долларды түздү. Бул сумманын 70% биз персоналга, башкача айтканда толук эмес ставкада иштеген эки координаторго жумшадык. Башкарманын башка мүчөлөрү жана негизги волонтёрлор көп убактысын жана тажрыйбасын акысыз жумшашты.
| Чыгымдын түрү | 2024-жылдагы акчалай чыгымдардын үлүшү |
|---|---|
| Персонал | 70% |
| Келишим боюнча иштеген адистер | 15% |
| Операциялык чыгымдар | 10% |
| Өз ара жардам | 5% |
Операциялык чыгымдар бюджеттин 10% түздү: коомчулуктун иш-чаралары үчүн тамак-аш, басып чыгаруу, сайтка жана байланыш куралдарына жазылуулар, мүчөлүк төгүмдөр.
Биз ошондой эле кыска мөөнөттүү долбоорлор жана колдоо үчүн адистерди тарттык жана көз карандысыз келишимдерге 15% сарптадык. Акча, компьютерлер, үй буюмдары, кийим жана гигиена каражаттары түрүндөгү өз ара жардамды (акчалай бюджетибиздин 5% жана буюм түрүндөгү кайрымдуулуктар) каржылык кыйынчылыкка туш болгон же ден соолугу боюнча көйгөйлөргө кабылган коомчулуктагы адамдарга таратып бердик.
Каржылоочулар
2024-жылы каржылообуз негизги чыгымдарды жабууга жетишкен жок. QARAVAN акчаны жеке фонддордон (40 000 доллар) жана жеке адамдардан кайрымдуулук түрүндө (6 000 доллар) алды. Биз волонтёрлордун жана өнөктөштөрдүн акчалай эмес салымына абдан көп таянабыз: кайрымдуулук катары берилген убакытты, жайларды жана буюмдарды болжол менен 250 000 долларга баалайбыз.
- 40 000 долларжеке фонддордон алынды
- 250 000 долларкайрымдуулук катары берилген убакыт, жайлар жана буюмдар түрүндө алынды (баалоо)
- 6 000 долларжеке адамдардан кайрымдуулук түрүндө алынды
Бизди колдогон уюмдар
Бизди каржылаган уюмдарга ыраазычылык билдиребиз:
- WSCF
- NYC Pride
- AYCO Charitable Foundation
- Statue Foundation Inc
QARAVAN бул уюмдарга акчалай эмес жардам, жолугушуулар үчүн жайлар, материалдар, кийим, эмерек жана кызматтар менен колдогону үчүн чоң ыраазычылыгын билдирет:
- Brooklyn Community Pride Center
- SAFE (Seeking Asylum & Finding Empowerment)
- NYU Langone Health (New York University Langone Health)
- RIF Asylum Support
- Materials for the Arts (Нью-Йорктун маданият иштери департаменти, New York City Department of Cultural Affairs)
- Congregation Beit Simchat Torah
- Riverside Immigrant Services & Empowerment
- Coney Island USA
Ошондой эле бардык жеке донорлорго жана салым кошкон бардык адамдарга. Рахмат!