qaravan
Кайрымдуулук

23 апрель 2025, кулактандыруу, англис тилинен которулган

Эми биз — QARAVAN

QARAVAN деген аталыш — кыймыл, туруктуулук жана коомчулугубуздун катышуучуларынын жалпы тажрыйбасы жөнүндө. Жаңы аталыш биздин принцибибизди чагылдырат: биз баарына ачыкпыз. Биздин коомчулук ар дайым ар кайсы өлкөлөрдүн, тилдердин жана улуттардын адамдарын бириктирип келген, ошондуктан уюмдун аты ушул ар түрдүүлүккө татыктуу баа берсин деп каалайбыз.

«Мен үчүн QARAVAN деген аталыш жаңы өлкөнүн бир бөлүгү болуу жолун чогуу басып өтүп жаткан ЛГБТКА+ иммигранттар үчүн жакын коомчулук, тандалган үй-бүлө жана өз ара колдоо канчалык маанилүү экенин баса белгилейт», — деди QARAVAN уюмунун негиздөөчүсү жана башкармасынын төрайымы Елена Гольцман.

«Биздин миссиябыз — өз мекенинде куугунтукка жана басмырлоого кабылган бардык ЛГБТК+ иммигранттарды кабыл алуу. QARAVAN — жаңы жашоосунда коопсуздукту, колдоону жана толугу менен өзү болуу эркиндигин издегендер үчүн мейкиндик. Биз үмүт беребиз, эркиндикке жол көрсөтөбүз жана буга абдан муктаж болгон ЛГБТК+ адамдарды жылуулук жана тилектештик менен кучактайбыз», — деди QARAVAN коомчулугунун катышуучусу жана волонтёру Игорь Савин.

Аталыштын алмашышы — уюмубуздун жолундагы маанилүү белги: биз мурдагыдай эле жаркын жана таң калыштуу ар түрдүү коомчулугубуз үчүн өтө маанилүү таяныч бойдон калабыз. 17 жылдан бери биз Нью-Йоркто жана андан тышкары 15 000ден ашык ЛГБТК+ иммигрант үчүн башпаана түзүп келебиз: коопсуз жайларды, теңтуштардын колдоосун, шашылыш жардамды жана эң керектүү нерселерди беребиз. Жаңы аталыш менен, QARAVAN болуп, бул ишти улантабыз.

Биздин жол уланууда. Биз менен жүрүңүз!